Другие тренинги - ЧЕЧЕНДИК ӨНӨР

Опубликован в 18/03/2017
Опубликовано Светлана
Просмотрено 185 раз
#860
1900.00 Сом

Описание

Бишкектеги “Оратордук чеберчилик жана Лидерлик” мектеби “ЧЕЧЕНДИК ӨНӨР” курсуна кабыл алууну баштады.
0778 670072. Тренер: Элмира Турсунова.
Окуу мөөнөтү: жалпы 1 ай – 8 тренинг.
Жумасына эки жолу: Шейшемби жана жума кундөрү.
18:00 – 20:00 чейин. Айына 1900 сом

Туура, так таза жана маданияттуу сүйлөө ар бирибиздин милдетибиз. Ошондуктан элибизде “Акылдуунун сөзү алтын” – дейт эмеспи. Тил байлыгы – адам баласынын муундан-муунга калтырган улуу мурасы, руханий байлыгы. Кыргыз эли сөздү кастарлап, баардык өнөрдүн башаты катары баалап, “Өнөр алды кызыл тил” деп, акыл күчүнөн жаралган чечен сөздүн чеберчилигин даңазалашкан.

Тренинг учурунда сиздер сөз байлыгынызды көбөйтүүнү, таасирдуу сүйлөө ыкмасын, сүйлөө маданиятын, кыйытып сүйлөө, куйкум сөздөр, макал-лакаптар, интеллектуалдуу суроолор, көркөм окуу, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары аркылуу жогорку чебер ыкмада маданиятуу сүйлөө жолдорун үйрөнөбүз.

Кошумча материалдар андан аркы өз алдынча иштөө боюнча шаблондор, тренингдик шилтелмелер чек-баракчалары таркатылат.

Видео-камера, телевизор, оюн техникалары, өзүн-өзү аңдап түшүнүү эрежелери, мээ чабуул ыкмалары колдонулат. Кыргыз элинин чыгаан сөзмөрлөрү, ораторлору Жээренче чечен, Карга, Сарт, Мойт,Тилекмат, Садыр, Карач Кыдыр акелер Калыгул, Жеңижок Көкөтөй, Куйручук жана башка чечендерибиздин асыл ойлорун, даанышман сөздөрүн көркөм сөз каражаттарын колдонобуз.

Сиз өзүнүздүн жөндөмдүү, сезимтал, ойлоп табуучу, уникалдуу, чыгармычыл экениңизди ар кандай психотрениг аркылуу далилдейсиз. Кыскача программа:

-Көпчүлүктүн алдында сүйлөөнү иштеп чыгуу;

-Коркуу, тартынуу, сүрдөө жана жүрөксүнүүнү терс көрүнүштөрүн башкаруу;

-Өзүн кызматташтык жаатында жогорку денгээлде тааныштыруу;

-Үндү туура коюу ыкмасы;

-Кыймыл-аракеттерди туура пайдалануу (вербалдык жана вербалдык эмес байланыштар);

-Сөз байлыкты өстүрүү, маданиятуу сүйлөө чеберчилиги;

-Позитивдүү ой-жүгүртүү ыкмасы;

-Эмоцияны башкара билуунү;

-Мотивация, шыктандыруу механизми;

-Максат коюу жана ага умтулуу ыкмасы;

-Куттуктоо, тост, каалоо-тилектерди өзгөчө айтууну;

-Улуттук ырларды ырдоону;

-Өзүн-өзү тааныштырууну;

-Максималдуу ийгиликке жетүүнүн жети мыйзамын үйрөнөсүздөр…

Тел: 0778 670072
Адрес ул. Манасчы Сагынбая, дом 77. Вход с южной стороны.
http://www.oratorskoe.bizkg.ru/
https://www.facebook.com/egemberdiev.t

Местоположение

Адрес
ул. Манасчы Сагынбая, дом 77